Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар агенттиги твиттердеги баракчасына видео жүктөдү. Видеону кулап бараткан лайнердин жүргүнчүсү тартып алган. Видеодон элдердин кудайга жалынып жатканын так угууга болот. Ошол кезде кимдир бирөө “силердин акыркы мүнөтүңөр”,- деп айтып, Аллаху Акбар дегени даана угулат.
https://www.youtube.com/watch?v=7N2S-iGyZgo
Эскерте кетсек, кечээ 29-октябрь күнү Индонезияда Lion Air авиакомпаниясына таандык Боинг 737 учагы Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учурда кырсыкка учурап, Ява аралындагы деңизге кулап түшкөн. Учактагы 8 экипаж мүчөсү жана 189 жүргүнчүнүн баары каза болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ