Menu

ЖЭБтеги кырсык боюнча сот башталды

Бөлүшүү:

ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда, судья Эмилбек Кайыповдун жетегинде өтүп жатат. Соттун 26-октябрдагы отурумуна жабырлануучу тараптан «Электр станциялары» жана «Бишкек жылуулук тармактары» ишканаларынын өкүлдөрү келди. Ал эми шектуү катары «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев, «Электрстанциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов катышты.

Булардан тышкары ЖЭБ кырсыгына айыпталгандардын катарында «Улуттук энергохолдингдин» биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен жылуулук борбордун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков да отурду. Бул сотто Айбек Калиев менен Нурлан Садыковго айыбы расмий угузулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 221чи «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатканы прокурор Улан Тагаев тарабынан айтылды. Калган шектүүлөргө тагылган айыптар 2-ноябрда угузулары кабарланды.

Прокурорлордун айыптоо корутундусунда «Энергетикалык мекемелердин мурдагы жетекчилери Бишкек ЖЭБинин 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерген эмес. Суу түтүктөрү жайгашкан имараттардын терезелери алмашпаганы үчүн ал жерде температура түшүп кеткен. Кырсыктын бирден бир себеби мына ушул болгон»  деп жазылган. ЖЭБдеги авариядан мамлекет 89 млн. 700 миң сомго жакын зыян тартканы дагы камтылган. Анын 12 млн. сомдон ашыгы кырсыктын кесепетин жоюуга кеткен. Андан тышкары ысык суу менен жылуулук үчүн 77 млн. сомдон ашык төлөм бюджетке түшпөй калган. Андан кийин ЖЭБди оңдоого жумшалган 386млн. долларды максатсыз пайдаланганы ачыккачыккан.

Бул боюнча бир катар кылмыш иштери козголуп, алардын негизинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Алар азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушат. Сотиштери башталды. Күнөөлүүлөр тийиштүүжазасын алат деген чоң ишеним менен коомчулук күтүп жаткан чагы.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: