Menu

“Омбу-домбу” Момбеков Абылгазиевге неге асылууда?

Бөлүшүү:

“Макалчы” депутат Рыскелди Момбеков жеке таарынычы менен өкмөт башчыга “кашынганын” кандай түшүнөбүз? Кызыктай сапатыбыз бар. Жеке маселени мамлекеттик масштабдагы маселеге айланткыбыз келет. Ток этээрин айтканда Жогорку Кеңештеги айрым депутаттары жеке мүдөөсүн ишке ашыра албай калса, трибунаны пайдаланып «согууга» аракет кылат Аракет кылмак түгүл мындай кадамды «модага» да айлантып алышкан. Бирок, ошондой стреотипти бүгүнкү өкмөттүн башчысы Мухамметкалый Абылгазиев чекеге сүрүүдө. Так айтканда өкмөт башчыга жеке маселе менен кайрылган айрымдарды бозала кылып кабыл албай жатканын уктук.

Эми сөздүн төркүнүнө келсек Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков беттегенин бербей, өкмөт башчы Абылгазиевди эби келбесе да сындап, ичкүптүсүн чыгара албай убара тартып жаткан чагы. Эки ай мурун Абылгазиевдин «Көчмөндөр оюнунда» англисче сүйлөгөнүнөн кынтык издеп, премьер-министрдин кадырын кемиткенге, элдин өкмөткө болгон ишенимин сындыруу максатында «опулдаган». Бирок, ал аракетинен деле майнап чыккан жок. Тескерисинче өкмөт башчынын англисче сүйлөгөнүн туура дегендер басымдуудук кылып кетти.

Ал эми өткөн аптада Момбеков таластыктар митинг уюштурганы жатканын жар салып, төө бурчактын баасы түшүп кетти деген жүйөөгө байлап туруп өкмөт башчысын дагы бир жолу «сокту». Тилекке каршы анысы далилдүү эмес экен, ооз көптүрүп айтканы суу кечпей калды.

Дегенибиз, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров: «Парламент депутаты Рыскелди Момбековдун төө буурчак 25 сомдон болуп жатат деген маалыматы чындыккалал келбейт» -деп жооп берди. Бүгүнкү күнү төө буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин кабыл алынып, “лопатка” 40-44 сом, «томатный» 30 сом, «рябой» 45-47 сом, «скороспелка» сортундагылар 48-50 сомдон алынып жатыптыр. Кыскасы, төө бурчакты сатып өткөрүүдө эч кандай кыйынчылык жок экенин жергиликтүү өкмөт ачыкка чыгарып, жалгандын бетин сыйрыды. Элдин атынан сүйлөгөн Рыскелди мьгрза маалыматты бир аз тактап алса болмок экен деп калдык.

Рыскелди Момбековдун өкмөт башчыга өктөм суйлөп «кашынып» жатканынын себеби бар экен. Көрсө таарынычы бар тура. Жай айларында жеке маселеси менен премьер-министрге бир эмес, 2-3 ирет аракет кылып кире албай сумсайган экен. Анан айласы кеткенде ызасына чыдабай айкырыкты салып чыгыптыр. Биз түшүнбөдүк, Момбеков жеке таарынычты мамлекеттик масеге айланткысы келеби? Аракет кылыпаткан өкмөт башчыны шый рактан тартып, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» менсн эмнс максатка жеткиси келет? Айтканын аткарбай койсо эле «оппозиция» боло бериш керекпи? Же эмне «омбу-домбу» Момбековго карап түздөнүшүбүз керекпи? Жеке таарыныч деңгээлинен көтөрүлбөйлүбү, бай-болгурлар?..

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: