Menu

Гүлмира Кудайбердиевага кабыргадан коюлган суроолор: Ката чыккан окуу китептери боюнча жоопкериликти ким тартат?

Бөлүшүү:

«Парашют» менен түшкөндөрдүн кесепетинен Билим берүү жана илим министрлигинин деңгээли бир топ ылдыйлап кеткени коомчулукта кеңири айтылып келсе, министр Гүлмира Кудайбердиева башкаргандан бери бул тармактын деңгээли «плинтустан» төмөндөгөнү жашыруун эмес. Буга жакында тутанган чатактын бири кынтыксыз далил болду. Алсак, 6-7-класстардын география сабагы боюнча жаңы жарыкка чыккан китептерде грамматикалык, стилистикалык жана идеялык жактан өтө орой катачылыктар кеткен. Бул коомдо кызуу талкууну жаратып, көпчүлуктү жерге түкүрткөнүн көрүп жатабыз. Бирок, министр айым Гүлмира Кудайбердиева бул ишке бетин кызартып койбостон теледен чыгып оозун куу чөп менен арчып актанып: «Бул басмакананын күнөөсү, бизде күнөө жок, басмакана күнөөсүн моюнуна алып кайрадан китепти акысыз басып бермей болду» деп өзүнө чаң жугузбай чамынганы кызык болду. Бети калыңдар уялбайт экен да. Анда суроо узатып көрөлү.

—Гүлмира Каримовна, башкасын коё туралы. Биз каталар менен чыккан окуу китеби тууралуу сурагыбыз келди. Элдин баары билгендей басмакана деген дапдаяр нерсени гана басат, бир тамгасын өзгөрткөнгө алардын эч кандай акысы жок. Дегенибиз китепти даярдап бергендер ката кетирип атат. Өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган кызматкерлер: китептин автору, жооптуу редактор, корректор, рецензент – булар каякты карап олтурушту? Китеп чыкканга чейин министрлик эмне үчүн катасын текшерген эмес? Эгер чынында басмакана өзгөртсө, анда эмне себептен алардын жоопкерчилигин мыйзамдын алкагында аткартпастан, кайра бастыртууга мажбурлап жатасыздар? Министрликтин уруксаты жок өз алдынча оңдоо мамлекеттин идеологиясына кол салгандай чоң кылмыш. Бул боюнча жоопкерчиликти ким тартат? Сиз эмнени көзөмөлдөп олтурасыз? Бул шалаакылыкка ким жоопкер болот?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: