Menu

Игорь Чудинов, сиз премьер-министр болуп турган чакта канча байлык топтодуңуз?

Бөлүшүү:

Бакиевдин убагында премьер-министр болгон Игорь Чудиновдун мыйзамсыз иштери үчүң 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөт кылмыш ишин козгоп, издөө салган. Калп издештиби же чын эле издеп таппай коюштубу, айтор Чудиновдун аты-жыты билинбей кеткен.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан айдоо жерлерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн чыгарган мыйзамсыз токтомдору үчүн мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго, экс-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге, экс-айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, кылмыш иши ачылган. Жыйынтыгы болбогон чечим менен тамам болду. Эске салсак Чудинов «айыл чарба багытындагы» категориядагы жерлерди «калктуу пункт» категориясына которуу боюнча мыйзамсыз токтом токуган тура. Бул бер жагы. Ал эми Игорь мырзага мындан мурда дагы «Кыргыз газ» боюнча кылмыш иши козголгон. Аны Кылмыш Жаза кодексинин 171-беренеси «ишенип тапшырылган мүлктү орунсуз жок кылган жана өзүмдүк кылып алган», 215-берене «Мыйзамсыз финансылык жеңилдикти алуу же сунуштоо», 221-берене «Коммерциялык жана башка ишканалардын кызматы аркылуу кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпташкан эле. Көрсө Чудинов «Бишкекэнергокомплекс» ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып мыйзамсыз каржылык жеңилдиктерди сунуштоо жолу аркылуу «Кыргызгазга» 4 миллион 529 миң 143 доллар зыян келтирген экен. Эми Башкы прокуратура бул ишти жибин чууруйт деп ишенип туралы…

—Игорь мырза, колуң менен кылганды моюнуң менен тарт дейт эмеспи. Аламүдүн районун тешелүү жер тилкелерди махинация жолу менен сатып жибергениңизди моюнуңузга аласызбы же дагы суудан кургак чыгып кетесизби? Деги эле премьер-министр болуп турган чакта канча байлык топтодуңуз?

Памир Манас

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: