Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда «Бирдиктүү терезе» системасы ишке кирди. 27-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жана коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев борбордун техникалык мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов ар кандай документтерди берүүжана жарандарды тейлөө, кызматтын түрлөрү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу бөлүмдөрү жана электрон дук кезек аппараты орнотулган.
«Бирдиктүүтерезе» системасына ылайык, жарандарга зарыл документтерди чогултуу үчүн бир нече бөлүмдөргө кайрылып, узун кезекте турбастан кыска мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жаңы система коррупцияны азайтууга өбөлгө түзөрү да айтылды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ