Эл аралык эмгек уюму билдиргендей, 29-октябрда боло турган жыйында Кыргызстандын «Эмгек кодекси» боюнча талдоонун жыйынтыгы чыгарылып, сунуштар айтылат. Аталган уюмдун өкүлдөрү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык баяндама даярдашкан.
Анда негизинен эмгек укуктарынын сакталышына көңүл бурулганы белгилүү болду. Ошондой эле бүгүн парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Эмгек кодексине» сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулайт. Мыйзамды өзгөртүү тууралуу демилгени өкмөт көтөргөн.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ