Menu

Чубак ажы Жалилов: Кимиңер Абсаматсыңар?

Бөлүшүү:

Абсамат аке менен болгон кезигишүүм, менин студент курагыма туш келет. Ал убакта «Лидер» деген телеберүү болоор эле. Ошол берүүгө Абсаматаке чакырылып, көрүүчүлөр катары Ислам институттун талабалары катышканбыз. Мен ал кишиге «Динге болгон мамилеңиз кандай? Жогорку кызматтардын туу чокусундагы адам катары динге кысым көрсөткөн учуруңуз болдубу?» деп суроо узатканымда, ал киши токтоо гана: «Эч убакта адамдардын карман-ган ишенимине каршы иш кылган эмесмин. Мен өзүмдү мусулман пендеси катары эсептеп жүрөм», деген эле.

Мусулманчылыкты кармануу ар заманга, замандын түрүнө жараша, мүмкүнчүлүктүн жол берүүнүсүнө ыңгайланышып барат эмеспи? Туруп намаз окуй албаган адам олтуруп намаз окуганга буйрулса, суу таппаган адам кургак даарат таямум мснсн намаз окууга ниеттснет. Байгерчилик заманда толук кийимчен намаз окуу милдеттүү болсо, кийимин уурдатып көзү карайлаган адам, бар болгон кийими менен намаз окуйт. А бирок жүрөктүн төтөсүндөгү ишенимди сактап калуу ар бир убакта милдеттүү, айныгыс кудайы парыз, пенделик карыз.

Ал кишинин жүрүм турумунан момундук сыпат дайыма байкалып турчу. Карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү ага берилген тарбиянын исламий негизде экенин оаяндап берип, ар бир маселени кеңешип жасаганга аракеттенгендиги да мусулман үй-бүлөдөн чыккандыгын айгинелеп турчу. Анын жөнөкөйлүгү, Кыргызстанга «биринчи леди», «кара көз айнекчен жансакчылар», жарды өлкөгө жарашпаган «өтө эле байманалуу кортеждер» түшүнүгү киргенден кийин да ого бетер көркүнө чыкты десем эч ким талашпаса керек. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын мындай сөзү бар: «Мен пенделер сыяктуу тамактанам, пенделер сыяктуу олтуруп-турам. Мен Аллахтын пендесимин жана пайгамбарымын». Ооба, Пайгамбарыбыз алайхис салам адегенде өзүнүн пайгамбар экенинен мурда, пенде экенин, кудайдын кулу экенин моюндайт. Айтып эле тим болбостон сөзү менен тастыктайт. Пайгамбарыбыздын жашоосу айткан сөзүн төгүнгө чыгарбайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам жоон-топ сахабалары менен чогуу олтурган убакта сырттан бир адам келип, «кимиңер Мухаммадсыңар?» деп сурайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам кийиминен, же башка нерселери менен айырмаланбагандыгынан ал киши суроого мажбур болду. Абсамат аке да башкалардан айырмаланбаган адам эле.

Имам Нававийдин наздында эң ардактуу кесип багбанчылык-дыйканчылык экени айтылат. Абсамат аке да багбанчылыкка кызыгып, дарак тигип колу бошогондо аны карап турууну жакшы көргөндүгүн ал кишини жакындан билгендер жашырышпайт. Пайгамбарыбыз алейхис салам: «Кайсы бир мусулман пендеси дарак эмес, ал дарактын мөмөсүнөн адамдар, макулуктар жесе ага сооп жазылып турат. Пенде өтүп кеткенден кийин да анын сообу токтобойт. Ал дарак көгөрүп элетурган болсо кудайга кулчулугун кылып, Аллах Таалага сана-мактоолорун, тасбихтерин айтып, алардын жакшылык-сооптору өтүп кеткен маркум ээсине тийээрин» айтат. Жаратылыш менен жакын болгон адамдын, адамдык табияты бузула элек адамдын, адам бойдон сакталып турган адамдын колунан гана келээр бул жумуш.

Адатта падышалардын туугандарынын, балдарынын кызматтык өрүштөрү, саясаттагы карьерасы падышалардын кызматтан кетүүсү жс акыркы сапарга узоосу менен бүтөт. Атасынын адилетсиздигине кол кабыл кылгандыгы үчүн элге аралашып жүрө албоосу мүмкүн же, атасынын доорунда чөмүчтөп жыйнагандыгы өмүрүн акырына чейин, керек болсо урук-тукумуна чейин жете тургандай көрүнгөндүктөн, аны сактап калуунун амалында сыртты көздөй сапар тартат. А бирок элибиз «сууну сууга…» дейт эмеспи…? Абсамат акенин уулу Исхак мырза атанын уулу болуп, атасынын жолун жолдоп келет. «Оозу кыйшык болсо да хандын уулу сүйлөсүн» болгон жери жок. Атасы бар убагында да, атасы акыретке кеткенден кийин да эл жүгүн тартып келет. Адал оокатка тарбиялаган экен, азыр да балык чарбачылыгы менен алектенип, адал ырыскысын терип келет. Пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: «Адам уулу өткөндөн кийин анын аткарган сооптуу иштери үч нерседен гана уланып турат. Биринчиси: жакшы, адал перзент калтырса, ошол перзенти дуба кылып турса, мына ошондон сооп жетип турат…!». Ар бир эле атанын тилеги перзенттеринин эл арасында, журт карасында болуп, элге колунан келген кызматын кылып, адал мээнеттин үзүрүн көрсө дейт эмеспи.

Бийликти жалгыз максаты, жашоонун өзөгү катары карабастан, ал элге кызмат кылуунун мүмкүнчүлүгү катары карагандыгы да анын такыбалыгына далаалат кылат. Тарыхтан белгилүү болгондой падышалар, айрыкча Азиялыктар өз эрки менен кеткендиги сейрек кездешүүч ү көрүнүш. Кандайдыр бир сырткы жана ички таасирлер астында айласыздан кетпесе, бийликтен дароо эле акырет сапарына узап кеткендиги кадимки эле эски сүрөт. А бу киши ал көрпенде сезимдерден жогору туруп, бийликти өз колу менен өткөрүп берди. Бийликтен кеткенден кийин да өмурүнүн акырына чейин элге кызмат кылуусун улантты. Бул, негизги максаты кудайымдын пенделерине кызмат кылайын деген гана адамдын аткараар иши. Кээ бирлер эң жогорку даражадагы кызматка жеткенден кийин, андан төмөнкү даражадагы кызматка иштегиси келбей, жашоонун маани-маңызы түгөнүп калгандай сезет.

Бийликке жулунбоо мусулман сыпаты. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким элге-журтка башчы болгонго, мансапка турганга аракст кылса, ал кызматтын оор жүгү анын жеке мойнуна жүктөлөт. Ал эми ким өзү каалабастан, а бирок татыктуулугунан ошол ишенимди эл-журт тапшырса, Аллах Таала ал пендесинин жардамында болот!».

Шарьий маданиятыбызда бийликке келген адамды, бийликке келген учурунда бата-дуба берип, «жамгыр менен жер көгөрөттүн» маанисин кармансак, аны куттуктоо бийликтен кеткенден кийин гана «бакылдаган текени суу кечкенде көргөндүн» натыйжасында айтылат. Бардыгына бата берилип келет, а бирок куттуктоо аттин-ай(!) бардыгына эле насип боло бербейт. Бул киши ошол куттуктоого арзыган киши эле.

Жашоонун сүннөтү, же жөнөкөйлөштүрүп айтканда табияты ушунда турат: Эл башындагы журт атасы болуп турган адам кандай болсо, эл да ошондой болот, анын жолоюна түшөт. Андан башкача болуусу мүмкүн да эмес. Тазалыкты, аруулукту, жөнөкөйлүүлүктү карманса эл да ошондой болот. Журт башчы ууру болбосо эл да ууру болбойт. Журт башчынын көңүлү ток болсо элдин да көңүлү ток болот. Журт башчы ыймандуу болсо эл да ыймандуу болот. Ал киши өзүнүн тарыхын иши менен жазып кетти, а биз кыргыз журтчулугу дале болсо анын ордун жоктоп келебиз…

Акырында айтаарым, ар бир адамдын ысымы тагдырына насиптеш болот. Абсамат «Абусомад» деген аттын кыргызча айтылгандагысы. Анын мааниси «эч нерсеге муктаж эмес, бардыгы Ага муктаж болгон Аллах Тааланын пендеси» дегенди туюндурат. Абсамат акенин көңүл токтугу, көрдүнүйүгө байланбагандыгы, журтка кызмат кылгандан башка нсрссни капарына албагандыгы да анын ысымы менен байланышканында да шек жок.

Кудайым акыретте сүйгөн пенделеринин катарына кошкон болсун..

2013-жылы басмадан чыккан “Абсамат Масалиев” аттуу китептен алынды

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: