Menu

Алмаз Эргешов: Өкмөт инвестиция тартуу жагынан аксап жатат. Контрабанда болсо көбөйүп кетти

Бөлүшүү:

—Алмаз мырза, алгач Бажы биримдигинин күңгөй-тескейи боюнча кеп кылалы. Бул биримдик канчалык деңгээлде үмүтүбүздү актады?

—Бажы биримдиги уюшулуп жатканда 180 миллион эли бар эбегейсиз чоң базар ачылып жатат, эми айыл-чарба азыктары баштаган товарларыбызды кенен сатабыз деп баарыбыз кубанганбыз. Бирок Бажы биримдигинин ишке киргенине 4-5 жыл болуп кетти. Жыл сайын, мына азыр да күн сайын болбосо да, жок дегенде бир жумада бир жолу Кыргызстандын Россияга, же Казакстанга алып чыгып жаткан жаңгак, же картошка сыяктуу айыл-чарба азыгы чек арадан артка кайтарылды деген маалыматтар чыгып жатат. Бирок биз бул маселени бир жактуу карабашыбыз керек. Себеби, Бажы биримдигинин өзүнүн талаптары бар да. Ошол талаптарды экологиялык, ветеринардык кызматтар өз деңгээлинде аткарбай жатат. Мына ушул багыттар боюнча өкмөт көп иштерди жасашы керек. Буга дагы да болсо каражат керек болуп турат. Жетиштүү каражаттын булактарын таап, бул маселени тез аранын ичинде чечпесек, ушундай көрүнүштөр боло берет.

Жалпылап алганда, экономикалык жактан Бажы биримдиги үмүтүбүздү актаган жок. Ал эми саясый жактан үмүтүбүз акталып жатат десек болот. Эмнеге дегенде, бизде расмий маалыматтар боюнча 600, расмий эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашуун мекендештерибиз Россияда, Казакстанда мигрант болуп жүрүшөт. Мына ошол мекендештерибизге бир топ жеңилдиктер берилди. Маселен, биздин жарандар Россияда биздин айдоочулук күбөлүк менен иштеп жатышат, жумушка уруксат алуу да жеңилдеди. Мурун уруксат алуу 10 миңден 20 миңге чейинки каражат болчу. Маселен, өзбек, тажик мигранттарына мындай жеңилдик жок.

—Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Купулуңузга толуп жатабы?

—Мен өкмөт башчыбыз начар иштеп жатат деп айткандан алысмын. Биздикилер премьер-министрди Армениянын премьер-министри менен салыштырып жатышат. Эми ал жакта революциянын күчү, деми менен иш жүрдү десек болот. Бизде андай болбошу керек. Бардык маселе талапка ылайык өз жолу менен чечилиши кажет. Биз ким өкмөт башчы болуп келсе, 100 күнгө чейин ошол адамдын жаман жагын издеп, 100 күн болгондо ошолорду айтып сындап баштайбыз. Мындайга кызыкдар болгон саясатчылар бизде аз эмес. Алар да коомдук пикир жаратып жатышат. Мен өкмөттүн аксап жаткан багыттарын айтайын.

Өкмөт инвестиция тартуу жагынан аксап жатат. Себеби, мен бүгүнкү күндө өкмөттүн чоң инвестордун алып келгенин көргөн жокмун. Экинчиден, контрабанда көбөйүп жатат. Мисалы, Казакстандан, Таджикстандан контрабандалык товарлар өтө чоң көлөмдө кирип жатат. Бензин, кант, ун, бензин сыяктуу күндө керектелүүчү товарлардын 50 пайыздан көбү ушул аталган өлкөлөрдөн ташылып жатат. Ун чыгарган балдар: “Биз туруштук бере албай калдык. Казакстандан вагон менен ташып, салык төлөөдөн качып Луговойдон бери көздөй машине менен ташып жатышат”-деп айтып жатышат. Салык маселеси да ушундан улам көбөйбөй жатат. Өкмөт мына ушул жагын катуу көзөмөлдөбөй жатат. Ал эми кадр маселесин айтсак, өкмөт акырындык менен 3-4 министрди алмаштырып койду. Муну менен эле токтоп калбай дагы алмаштыруулар болот деген ойдомун.

—Коррупцияга каршы күрөштү кандай баалап жатасыз? Күрөш тандамал түрдө болуп жатканы сынга алынууда…

—Бул маселе айтыла берип, жазыла берип, бүгүнкү күндө жаңылык деле болбой калды. Президент коррупцияга каршы күрөштү тандоо иретинде жүргүзүп жатканына мен анчалык кошула албайм. Мисалы, башкасын айтпаганда да Жантөрө Сатыбалдиевди камап коет деп эч качан ишенген эмесмин. Ал киши президенттик кызматтан башкасынын баарында иштеди. Эгер тандоо болсо камабайт болчу.

—Махабат Мавлянованын Кытай туристтери үчүн визаны алып салуу боюнча көтөргөн демилгеси катуу талкууга алынып, катуу сындар айтылды. Ал тургай аны мандатынан ажыратуу демилгеси көтөрүлдү. Бул боюнча пикириңизди уксак…

—Визаны алып салуу демилгесине мен да каршымын. Мисалы, Белоруссия, Украинада кытай туристтеринен 1 айга чейин визалык режимди алып салган. Россияда болсо 14 күнгө чейин. Бирок тартип катуу. 20 турист келсе, анын баарын чыкмайынча, балким бирөө чыкпай калса, калгандарын өлкөдөн чыгарбай коюшат. Ал эми биздин коомчулук кытай туристтерине визаны алып салсак, экспансия көбөйөт деп кооптонуп жатат. Бир чети бул да туура. Бирок ошол маселеге ким шарт түзүп жатат? Биринчи кезекте өзүбүз да. Акчага кызыгып кетип, баарына көз жумгандар болуп жатпайбы. Эгер кытай менен чектеш болбосок, андай визаны алып салсак болмок, чектеш, коңшу болгон соң визаны алып салууга мен каршымын. Бул жагынан тартип катуу болушу абзел. Башка өлкөлөрдүн бул багыттагы тажрыйбаларын да карап көрүү зарыл. Ал эми ушундай маселе демилгеледи деп депутатты мандаттан ажыратуу демилгеси туура эмес. Ар бир адам жаңылат. Биз ушундай демилгелерди колдосок, анда мындай көрүнүштөр жасалма түрдө көбөйүп кетет. Кимге кайсы депутат жакпай калса, аны кетирүү үчүн ушундай ыкманы колдонушу толук мүмкүн. Парламенттик шайлоого эки жыл калды. Эки жылдан кийин эл жакпаган адамын шайлабай эле койсо болот да.

—Депутаттык ишмердүүлүк боюнча да кеп кылалы. Депутат болгондон бери өзүңүз шайланган Аксы районундагы көйгөйлөр канчалык деңгээлде чечилип жатат?

—Эки жылдын ичинде жалпы район боюнча жасалган чоң иштерди учкай айтайын. Мен ал иштердин авторумун дегенден алысмын. Болгону аздыр-көптүр салым коштук десем болот. Акыркы 2 жылда Аксы районунда 30дан ашуун чакырым жолго асфальт басылды. Өзүм демилгелеп эки мектеп, эки ФАП курдуруп, ишке киргиздим. Спорт залын да бүтүрүп, жакында ачып келдик. 2018-жылы райондогу мектептерге 20 компьютер бердим. Быйыл да жылдын аягына чейин 20 компьютер берүүнү максат кылып жатам. Негизинен Аксыда башталып, бүтпөй турган ар кандай мектеп курулуштарынын саны 20дан ашуун. Керек болсо кээ бирөөсү мамлекеттин эсебинде да жок. Долбоору да жок.

Кербендин аэропорту боюнча да маалымат катары айта кетели. Бул аэропорт союз кезде эле салынган. Бирок жыйырма жылдан бери учактар конбой калган. 2009-жылдары бир айдын ичинде 5-6 ирет каттам болуп, кайра токтоп калган. Аэропортту оңдоого 35 миллион сом бөлүнгөн. 15 миллион сомго залды оңдоп, дагы чоңойтуп, улап жатышат. 8 миллион сомго учактар коно турган тилке жасалды. Аэронавигация жабдуулары да коюлат.

—Мыйзам чыгаруу жагынанчы?

—Мыйзам чыгаруу жагынан да колдон келишинче изденип, мүмкүнчүлүккө жараша аракет кылып жатабыз. Бир топ мыйзамдарга авторлош болдук. Мисалы, ишкерлерди эки жылга текшербөө, инвестиция тартуу, айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу сыяктуу мыйзам долбоорлорун жазып жатабыз. Кабыл алынган мыйзамдар да бар. Ошондой эле жаңгак, арча бактарын кыюуга 30 жылга мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз.

—Сиз Транспорт, курулуш комитетинин жетекчисинин орун басарысыз да. Ушундан улам курулуш боюнча көйгөйдөн сурайын. Быйыл көчмөндөр оюнун өткөрбөдүкпү. Экинчи көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселесинен улам республика боюнча көптөгөн социалдык курулуштар токтоп калганын билебиз. Быйылкысы кандай болду? Мындай көрүнүш кайталанган жокпу?

—Андай көрүнүш кайталанган деле жок. Экинчи Көчмөндөр оюндарында миллиард сом жалаң эле Ат майданды курууга кеткен болчу. Жол салуу ж.б. чыгымдарды кошкондо 2 миллиард сомдон ашып кеткен. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында анчалык чыгым болгон жок. 400 миллион сомдун тегерегинде сарпталды. Ошого жараша жыйынтыгы, пайдасы да абдан чоң болду. Мамлекеттин имиджин көтөрүүгө чоң салым кошо турган иш болуп калды. Бул мамлекет үчүн өтө чоң чыгым деле эмес. Жалпысынан алганда жьш башында республика боюнча пландалган курулуштар өз ирети менен, акырындан курулуп жатат. Ал эми жол салуу маселеси бир аз башкача. Биз негизи шайлоо учурунда катуурак темп менен кетебиз да. Былтыр президенттик шайлоо болуп, Балыкчы-Корумду, Түндүк-Түштүк жолдорун кошпогондо республика боюнча 350 чакырымдан ашык жол салынган. Ал жол салуу иштерине 600 миллион сом сом карыз болуп калганбыз. Быйыл ошол карызды төлөп жатканыбызга байланыштуу, жаңы жолдорду салуу иши былтыркыдан азыраак. Бьштыр жалпысынан социалдык меке мелерди куруу жана жол салуу иштерине 9 миллиард сом кеткен болсо, быйыл 6 миллиард сомдун тегереги болду. Бул да оңой акча эмес.

—Бишкек мэриясы күйүп кеткен мурунку Башкы прокуратуранын ордуна (42 сотых) сквер курууну көздөөдө. Себеби, Орозбеков көчөсүндөгү катары менен салынган кафелер мэр Суракматовдун туугандарыныкы экендиги айтылууда. Скверди мына ошого карап куруп жатат деп сынга алып жатышпайбы. Бул боюнча кандай ойдосуз?

—42 сотых жер тилкеси чоң деле эмес. Жок дегенде 4 гектар, же 40 гектар жер болсо бир жөн эле. Андай чоң жерге сквер кылсак жарашмак. Ал жерге сквер кургандан Бишкектин экологиясы жакшырып кетет дегенден алысмын. Бул маселеде мэрдин кандай кызыкчылыгы бар экенин билбейм. Бирок менимче, ал жерге шаарга көрк бере турган мыкты архитектура менен 10-15 кабат мейманкана салып койсо жарашмак. Мисалы, сквер ден салык түшпөйт да. Заңгыраган мейманкана курсак, андан бюджетке бир топ сальпс түшүп турмак. Же болбосо, Башкы прокуратураны кайра эле ошол жерге куруп, жаңы салынган Башкы прокуратуранын имаратын оорукана кылсак жакшы болмок. Негизи ооруканаларды бара-бара сыртка чыгарышыбыз зарыл. Ооруканалардын борбордо болушу кажет эмес. Эң башкысы транспортту жакшылап уюштуруп койсо болот.

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: