Menu

Дүйнөлүк банк: Эки миллионго жакын тажик жараны жакырчылыктын чегинде жашайт

Бөлүшүү:

Тажикстан калкынын 20% же эки миллионго жакыны жакырчылыктын чегинде жашайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк өзүнүн акыркы иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып билдирди. Бирок тажик бийлигинин маалыматы боюнча калктын 27% жакыр деп эсептелинет.

Дүйнөлүк банктын экономисти Вильям Зайтцтын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда жакырлардын саны 20 пайызга чейин азайган.

Буга чейин Дүйнөлүк банк 2000-жылдан 2016-жылга чейин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 83 пайыздан 30 пайызга чейин төмөндөгөнүн белгилеген. Банктын эксперттеринин белгилешинче, тажик үй-бүлөлөрүнүн көбүнүн негизги киреше булагы эмгек мигранттары которгон акчалар болуп эсептелет. Бирок Орусиядагы каатчылыктан улам жумушу жок калып мекенине кайтып келгендер көбөйүп, өлкө жарандарынын кирешеси кыйла азайган.

Вильям Зайтцтын белгилешинче, жаңы маалыматтарды эске алуу менен Дүйнөлүк банк Тажикстандагы жакырчылыктын деңгээлин бир адамга 3,3 доллар деп аныктайт. Бирок тажик өкмөтүнүн алдындагы Статистика агенттигинин башчысынын орун басары Киёмиддин Давлатзоданын айтымындан. алардын эсеби боюнча өлкө калкынын 27 пайызы жакырчылыктын чегинде жашайт деп эсептелинет. Алар бир күндө 1,9 долларга жашайт.

​Тажикстандык экономист Масъуд Собировдун айтымында, бийликке өлкөдө жакырчылык деңгээли дале жогору деп көрсөтүү ыңгайлуу, анткени ал эл аралык коомчулуктан чоң жардамдарды алууга мүмкүндүк түзөт.

Дүйнөлүк банктын методологиясына ылайык, күнүнө 1,9 доллардан аз акчага жашаган үй-бүлө жакыр деп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: