АКШ президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллердин суроолоруна жооп бериши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда айтты.
Ошол эле маалда ал муну маанисиз деп эсептей турганын, себеби “эч нерсеге аралашпаганын” белгиледи.
Октябрдын ортосунда CNN телеканалы Мюллер Трампка шайлоо боюнча суроолордун тизмесинжөнөткөнүн кабарлаган. Америкалык басылмалар атайын прокурор президенттин жеке өзү менен сүйлөшүүнү каалап жатканын жазышкан.
Буга чейин АКШнын атайын прокурору америкалык шайлоолорго Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын Конгрессте шайлоо болуп бүткөн соң жарыялай турганы айтылган. Мюллер эки негизги иликтөөнүн бүтүмүн чыгарат. Алардын бири – АКШ президенти Дональд Трамптын командасынын Кремль менен кутумга баруу ыктымалдуулугу, экинчиси – АКШ президентинин сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу аракети.
Москва башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна катышы бар экенин четке кагып келет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ