Жогорку Кеңеш Экономика министри Олег Панкратовду кызматтан алынышын талап кылууда. Бул тууралууу бүгүн, 30-октябрда парламентте экономикалык жана фискалдык саясат боюнча отурумунда депутат Гулшан Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан салыктарды фискалдаштыруу процедуралары Кыргызстанда али иштебей келет. Жарым жылдан бери Мамлекеттик салык кызматы менен Экономика министрлиги келшим түзө албай, долбоорду ишке ашыра албай келишет. Көптөгөн жумушчу топтор түзүлүп, бирок алар эч нерсе чечкен эмес.
“Жумушчу топтордун таратылышын Олег Панкратов фискалдаштыруу маселеси боюнча билим жетишпегенди менен түшүндүрүп келген. Менин оюмча Экономика министрлиги бизнесмендерге ыңгайлуу мыйзамдарды иштетпөөгө бардык аракетин жумшады. Жайы бою министрлик төбө чачты тик тургузган шумдук идеяларды айтып келген. Андан соң алар позициясын так айта алышкан жок. Күнөө ведомствонун жетекчиси Олег Панкратовдо деп эсептейм. Жаңы системалар ишке кирген эмес, эски схемалар гана иштеп жатат. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет Экономика министрин кызматтан алуу боюнча премьер министрге билдирүү жөнөтүүсү керек.”-деп жыйынтыктады Асылбашева.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ