Бишкекте жол коопсуздук кызматкерлери мас айдоочуну кармашкан. Анын жанында документтери жок болгон. Шектүү наркологиялык диспансерге жеткирилип, ал алкоголдук мас абалда экени аныкталаган. Административдик протокол түзүлүп, унаа айып аянтчага жеткирилген, ал эми айдоочуга болсо 10 миң сом айып пул салынып, ал айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылга ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз катчылыгы билдирди.
Свердлов районунун ИИБнин кызматкерлери шектүү 33 жаштагы Э.Айбек аттуу Бишкектин тургуну экенин аныкташкан. Иштин материалды сотко өткөрүлүп берилди деп билдиришет ведомстводон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ