Menu

Бишкекте сот “Саяк” каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Мурат Кадыркуловду кылмыш жоопкерчилигинен бошотту

Бөлүшүү:

Бишкекте “Саяк” каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Мурат Кадыркулов кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов райондук соту Кадыркуловду “уурдоого аракет кылуу” жана “адам өлтүрүү” беренелери менен кылмыштарга тиешеси бар деген айыптын далили жок  болгонуна байланыштуу аны күнөөсүз деп тапты.

“Кадыркулов “уурулук”, “документтерди, мөөрлөрдү, штамптарды уурдоо, жок кылуу, атайылап зыян келтирүү”, “ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, жанына алып жүрүү, жардыруучу заттарды жана түзмөктөрдү чыгаруу, алып жүрүү” беренелери боюнча күнөлүү деп табылып, сот тарабынан 1 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыккан, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ал жазадан бошотулган”, – деп билдиришти ведомстводо.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: