Menu

КСДПга Икрамжан Илмиянов аркылуу $150.000. “демөөрчүлүк сыйакы” бердик деген “Дизель комплект” фирмасы кимдики жана эмне иш кылат?

Бөлүшүү:

КР Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Дизель комплект” компаниясы адистештирилбеген дүң соода менен иштейт. Анда компаниянын жетекчиси деп Николай Грамович, ал эми түзүүчүсү деп Грант Оганянц көрсөтүлгөн. Андан тышкары, Оганянц дагы бир «Автотрейд» компаниясынын түзүүчүсү болуп эсептелет. Эки компания тең «Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган. Бул туралу ky.kloop.asia сайты иликтеп чыкты.

2017-жылы 7-августта, Илмиянов компаниядан “демөөрчүлүк сыйакы” катары акча алды делген күндөн бир күн мурда, «Дизель комплект» бюджетке «Кыргызстандын аймагына кирип жаткан товарларга» дээрлик 17 млн сом Кошумча нарк салыгын (КНС)* төлөгөн. Компания үчүн бул мурда болуп көрбөгөндөй каражат. 2013-жылдан тарта анын орточо салык төлөмдөрү 70 миң сомдон ашкан эмес, ал эми КНСти компания бул убакыт аралыгында, андан кийин да бир да жолу төлөгөн эмес.

*«Ачык бюджет» порталынын маалыматы

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 12-апрелде «Дизель комплектин» мүлкүн камакка алган, ал эми 11-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Оганянцтын эки компаниясынын кеңселеринен 2014-жылдан тарта мөөнөттөгү ишмердигинин бардык документтерин алып коюуну токтом кылган.

Кyrgyztoday.кg: Мына ушундай, салыкты төлөбөй жүрүп, колго түшкөн “Дизель комплект” соода фирмасы УКМКнын тергөө башкармалыгына сурак бере баштагандан кийин Икрамжан Илмиянов аркылуу КСДПга $150.000. “демөөрчүлүк сыйакы” бергенин тергөөчүлөргө көрсөтмө катары берип, Илмияновго каршы кылмыш ишин козгоого негиз болуп берген. Тергөөнүн маалыматтары боюнча ал акчалар президенттик шайлоого пайдаланылган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: