Menu

Монголиянын президенти парламент таркабаса ачкачылык жарыялай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Халтмаагийн Баттулга.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эгер өлкө парламенти (Улуу элдик хурал) өзүн өзү таркатууга барбаса, анда ачкачылык жарыялап же отурган абалда иш таштай турганын билдирди. Бул тууралуу монгол телеканалдарына шилтеме кылып Bloomberg агенттиги билдирди.

Мурдараак Баттулга парламентти экономикалык чакырыктарга каршы турууга жөндөмсүз деп сындаган. Өлкө башчы Эл аралык валюта фондунан жардам сураганын, бирок өкмөт ага эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан.

Bloombergдин белгилешинче, Монголияда Баттулганын мындай аракеттери 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун алдындагы саясий жүрүш катары бааланууда. Президент жетектеген Демократиялык партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп жатат. Учурда ал Улуу элдик хуралдагы мандаттардын 25 пайызына ээ. Калган мандаттар башкаруучу Монгол элдик партиясына таандык. Жергиликтүү эксперттер президент мындан тышкары өз администрациясы үчүн көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын белгилешүүдө.

29-октябрда Баттулга парламентке кат жолдоп, Улуу элдик хуралды мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштаган. Анда парламент 2016-жылкы парламенттик шайлоо алдында берген убадаларын аткарбаганы жана мыйзамдарды бузганы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: