Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда Кыргызстандык спортчулар 43 медаль жеңип алышты. (WPA/AWPA/WAA версиялары боюнча) . Бул тууралуу Кыргызстандын пауэрливтинг WPC федерациясынан маалымдашты.
Мелдеш Орусиянын борбору Москва шаарында болуп өттү. Анда 12 мамлекеттен келген атлеттер катышкан. Кыргызстан командасынын курамында 22 спортчу барган. Алар бир нече жаш категориясында, көнүүгүлөрдө жана номинацияларда күч сынашып, 38 алтын, 3 күмүш, 2 коло медальдарга ээ болушкан.
Жогорку пробадагы медальдарды үчтөн Татьяна Полостянова, Ольга Алешкевич, Алена Тырышкина, Дарья Ушмодина, Азимджан Кадыров, Талантбек Сайитов жана Хамид Сулуевдер алышкан.
Экиден алтын мадаль Наиля Такутдинова, Анна Белова, Максим Тырышкин жана Роман Бутерустар жеңип алышкан,
бирден алтын медаль Любовь Малеева, Владислав Терехов, Владислав Хозеев, Иминжан Нуржанов, Бахромжон Сабиров, Ян Сватковский, Александр Белимов, Дмитрий Дороженко жана Даниил Колесниковдор тагынышты.
“Ошондой эле Татьяна Полстянова, Наиля Такутдинова жана Владислав Хозеев дүйнө рекорддорун коюшту”-деп белгилешет федерацияда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ