Menu

Депутат Бакыт Төрөбаев: “Айыл чарба тармагына аз каражат бөлүнүп жатат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-октябрда депутат Бакыт Төрөбаев “Парламент” радиосуна интервью берип жатып айыл чарба тармагына аз каражат бөлүнүп жатканын айтты.

Анын айтымына караганда, айыл чарба тармагына каралган бюджет 1 миллиард 714 миллион сомду түзсө, анын 80 пайызы суу чарбасына жумшалат. Ошондуктан айыл чарбасынын бюджети колдоого муктаж. 

“Биз көп учурда финансылык каражаттарды экономикага пайда алып келбеген жакка коротуудан коркушубуз керек. Кыргызстан -агрардык өлкө. Ар бир аймактын өзгөчүлүктөрүн эске алуу кажет. Мисалы, дыйкандар Баткенде өрүк, Таласта төө буурчак, ал эми, Ысык-Көлдө жемиш бактарын өстүрүүгө басым жасашууда. Нарын облусунда негизинен мал чарбачылыгы боюнча көрсөткүчтөр жакшы. Ошондуктан кайра иштетүү өнөр жайларын ачуу бүгүнкү күндүн талабы”, – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: