Menu

Түркмөнстанда Ислам Каримовдун эстелигинин алдында сүрөткө түшүүгө тыюу салынууда

Бөлүшүү:

Түркмөнабад шаарынын полициясы былтыр мартта орнотулган Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун эстелигинин алдына сүрөткө түшүүгө тыюу салууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Мурдагы өзбек президентинин эстелигинин алдында сүрөткө түшөйүн деп жатсам эки полициячы чуркап келип, сүрөткө түшүүгө болбой турганын айтып, аянттан кетип калышымды талап кылышты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым», – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Каримовдун эстелиги — Түркмөнабад шаарына орнотулган чет өлкөлүк лидерлердин жалгыз мемориалы жана ага өзгөчө көңүл бурулуп, катуу көзөмөлдөнөт.

Азырынча Каримовдун эстелигинин алдында сүрөткө түшүүгө эмнеге тыюу салынганы белгисиз. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Полиция кызматкерлери аларга ушундай буйрук берилгенин гана билдиришүүдө. Учурда шаардагы Ислам Каримовдун эстелиги күнү-түнү кайтарууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: