Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Наргиза Жумабекова Новопокровка айыл өкмөтү бир айдан ашуун убакыттан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бербей жатканын жазып чыгып, нааразычылыгын билдирген.
Анын айтымында, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери себеп катары кагаз жок калганын айтышууда.
“Же бул калкка сүйүнчү бербөөгө дагы бир себеппи?”-деп жазган ал.
Мамлекеттик каттоо кызматында маселе маалыматтык киоскиде экендигин айтышты. Новопокровкада андан экөө бар. Биринчиси эч көйгөйсүз иштейт, ал эми экинчисинде оператор жок болгон, жаңы кызматкер келип, ал маалымат базасына азырынча кошула элек болгондуктан, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр бериле элек. Ал электрондук кол кап алгандан соң, күбөлүктөрдү берүү жаңыланаарын билдиришкен.
Булак:KyrgyztToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ