Menu

Депутат Аида Касымалиева көтөргөн маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эскертүү берилди

Бөлүшүү:

Депутат Аида Касымалиева айтып чыккан маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эскертүү берилгенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

“Башкы прокуратура Аида Касымалиева тарабынан айтылган Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бөлүнгөн каражаттарды башка максатта колдонуу фактысы боюнча текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтык боюнча, 12-октябрда аталган министрлик тарабынан Финансы министрлигине социалдык жөлөк пулдарды төлөөдөн үнөмдөлгөн каражаттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн 2018-жылга чыгашалардын тизмесин өзгөртүүнү сунуштаган кат жиберилгени аныкталды. Бюджет кодексине ылайык, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каралган эмес. Буга байланыштуу министрлик жиберген чыгашалардын тизмесин өзгөртүүнү сунуштаган кат негизсиз жана мыйзамсыз болуп эсептелет. Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мындай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүү жарыяланды”, – деп жазылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: