Menu

Жолдошу жубайын өз жанын кыйууга жеткиргендиги үчүн эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Кадамжай районунда жолдошу жубайын өз жанын кыйууга жеткиргендиги учун 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Кадамжай райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун жашоочусу Сардорбек Неметжонов жубайын такай ур-токмокко алып, басынтып келген. Анын натыйжасында маркум уксус кислотасын ичип, өз жанын кыйган.

“Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, жубайы кайненеси менен көп урушуп, үй милдеттерин так аткарбай келген. Окуя болгон күнү жолдоштор  дагы урушуп, жубайы аны үйүнө жеткирүүнү айткан. Шектүү жубайын бир нече күндөн кийин үйүнө жеткирерээрин айткан, бирок ал бир нече убакыттан кийин  жуунучу бөлмөгө киргенде, жубайы уксус ичип алган. Айыпталуучу маркумду сактап калууга аракет кылганын билдирген, бирок ал реанимациядан көз жумган”-деп жазылган соттун чечиминде.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: