Menu

Таласты талап-тоногон Мураталиевди ким ооздуктайт?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөштү күчөтөм”-дегени менен, айрымдардын ити чөп жеп, “жегеним жең ичинде калды” деп корстон болуп иштеп жаткандыгын кулак кагыш кылып коюу ашыкча болбос. Маселен, кечээ таластык ишкерлердин ичкенин ириң кылам деп бакылдаган өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марапын корупциялык иштери факт менен көрсөтүлүп турса дагы, билмексенге салган күч органдарына карапайым калк кантип ишенет.

Албетте куру жалаа менен каралап эч ким абийир таппайт, бирок Мураталиевдин мурунку-кийинки коррупциялык иштерин териштирмек түгүл, ооз ача албаган прокуратура, УКМК, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмү иштеп жатабыз деп айткандан уялышса.

Мураталиевдин кантип мамлекеттин акчасын өзүнө ыйгарып алгандыгын алты жашар балага айтып берсең да түшүнө турган нерсеге жогоруда айтылган кызматтардын акылы жетпей жатабы? Же баягы “оозу кыйшык болсо да өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү сүйлөсүн”- деген заманбы?

Мураталиевдин кантип мамлекеттик каражатты ыйгарып алгандыгы тууралуу кеп башынан болсун. 2016-жылы Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын алдындагы Талас облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп периштедей эле асмандаң түшүп отуруп калган. Анткени Талас мамлекеттик университетинин экономика боюнча билим алган Мураталие 2014-жылы бүтүп келип, 2016-жылы башчы болуп отурат. Ал эми мамлекеттик кызматта кеминде үч жылдан беш жылга чейин иштеген адис гана башчы боло алаары мыйзамда бакыйып жазылып турат.

Болуптур анысына дагы көз жумуп коёлу дейли десек, иштеп турган жерден жең ичине акчаны кантип жымырып кеткени тууралуу факт калкып чыгып отурат.

Маселен Таластагы бакыйган Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын ачылышы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Анткени ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын октябрь айында өзү барып ачып, театр, исскуство жөнүндө гана эмес, коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик саясат тууралуу дагы кеп козгоп кеткен.

Бирок, 2017-жылдын октябрь айында ачылып толугу менен бүткөн драмтеатрдын курулуш иштерине 2018-жылдын май айында дагы каражат бөлүнгөндүгү тууралуу маалым кат колубузга тийди.

Тактапайтканда, 2017-жылдын октябрь айында толук бүткөн драмтеатр үчүн 2018-жылдын май айында 43 миллион 664 миң 318 сомго курулуш, жабдулоо иштери аткарылды деп отчет берилип жатат. Кызыгы дал ушул берилген сметаны математикалык кошуу жолу менен баардык чыгашаларды эсептегенден кийин көрсөтүлгөн суммага 7 миллион сом акча жетпей калууда. Орто билим менен курулушчу болуп жүргөн Марат мырза, “Курулуш Арсенал БМ” деп аталган курулуш компаниясын ачып, өзү болсо Талас облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп отуруп алып, өз компаниясын тендерден уттуруп, мамлекеттен акчаны өз пайдасына жумшай бергенин кантип күч органдары көз жаздымга калтырууда?

Албетте ошол учурда иш козгой албаган күч кызматкерлери эми өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда иш козгой алабы? Тактап айтканда бул драм-театр боюнча иликтөөгө ала берсе Мураталиевдин кулагы эмес тулку бою, беш салаасы көрүнөт.

Ал бетте азырынча ушул айтылган маалымат боюнча тиешелүү органдар кандай иш-аракет кылат көрөлү, кийинчерээк Мураталиев Марат Молдалиевичтин кантип Молдоновичке айланганы, ооруканалардагы коррупциялык схемаларды кантип ишке ашыргандыгы тууралуу кенен жазабыз.

Балким Президентибиз Сооронбай Шарипович менен өкмөт башчы Мухамедкалый Дүйшөкеевичке жетип калса колу менен кылганын моюну менен тартып калаар деп үмүттөнүп, көп чекит коё туралы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: