Menu

“Раиммиллион” соттон утат, бирок кызматка келбейт

Бөлүшүү:

Кечээ Бишкек шаардык сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун соту уланып, дагы жылдырылды. Белгилүү болгондой “Раиммиллион” өкмөт өзүн кызматтан эч себепсиз алды деген жүйө менен өкмөттү сотко берип, райондук соттон утуп алган. Өкмөт бул чечимге каршылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылган болчу. “Раиммиллион” шаардык соттон деле, Жогорку соттон деле ута турганы саясатчылар жана эксперттер тарабынан күбүр-шүбүр айтылып жатат. Себеби, Жээнбековдор менен мамилеси ысык. Бийлик “Раиммиллионду” колдойт дегендер арбын. Бирок байлыгы башынан ашкан бул эргулуң сот акелерге “майлуу бармагын сордурткан” күндө деле кызматка бара койбойт. Эгер кызматка бара турган болсо эл бийликти ашата сөгүп, каргап шилейт. Ал эми элдин каргышы оңой эмес. Болгону эл ичинде: “Мурунку өкмөт кызматтан жөн эле алып салган турбайбы, көрсө аппак экен. Ошон үчүн сот актады” – деген сөз калсын деп акчасын акчадай, таанышын тааныштай колдонуп, корстон болуп жаткандагы кербези.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: