Menu

Ниязовдун сапары карыды. Рустамбековдон башка элчи жокпу?

Бөлүшүү:

Генерал Ниязовдун мындан төрт жьш мурун Таджикстанга элчи болуп кеткенин жалпыбыз эле укканбыз. Төрт жылдан кийин, тагыраагы бир-эки күн мурун элчилик кызматтан кеткенин уктук. Бул төрт жыл аралыгында Мирослав Ниязовдун дымы чыккан жок. Элчи катары эмне иш кылганы деле белгисиз болду. Эми анын ордуна Жаныш Рустамбековду дайындап жатышат. Жаныш аксакал деле жаш эмес. Жашы жетимишке таяп калды. Жаштарга орун бербей эле, өмүр бою кызматка жулуна бергенди качан токтотот? Рустамбеков деле элчи катары өзүн көрсөтө албады. Бул инсан Акаевдин тушунда, президенттик аппаратты жетектеди. Токой чарбасын тейледи, Ошко губернатор, андан соң ЖКга депутат болду. Бакиев ӨКМ министри кылды. Ал кызматтан соң Казакстанга элчи кылган. Атамбаев болсо төрт жыл мурун Түркмөнстандагы элчиликти берген. Рустамбеков деле элчи катары чоң иштерди жасай алган жок. Болгону кайсы бийлик келсе да, аны менен тез тил табышып, “сен жакшы, мен жакшы” деп иштешип келатат. Бул жагынан алдына киши салбайт экен го, чиркин дүйнө.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: