Menu

Самара Каримованы бийлик жаман эркелетти го. Эмнесине? Сулуулугунабы?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада эле Маданият, маалымат жана туризм министри болгон Азамат Жамангулов келери менен ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи кылып дайындады. Башка татыктуу кадр табылбай калыптырбы?

Самаранын көп жылдык тарыхы бар музыкалык окуу жайды жетектегенге деңгээли жетеби? Жамангуловго жогору жактан ушундай тапшырма болсо керек. Себеби, Самара айымдын бийлик менен жакшы мамилеси бар. Өзүнөн бир топ жаш уулу күйөөсү Асан мырза азыр абакка түшкөн Икрам Илмияновдун тууганы болчу.

Ошондой туугандыктын пайдасы тийдиби, айтор ырдап чыкканына 4-5 жыл болбой жатып “Эмгек сиңирген артисти” наамын баса жыгылып, элдин катуу сынына кабылган. Бийлик болсо элдин сынын четке кагып, ал наамдыберип салды. Самара ал наамды алгандан уялбады. Өзүнүн энесиндей болгон, элге эмгеги эчак сиңген Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Шахрезада Аскарова сыяктуу чоң ырчылар мындай наамга жете электе, тааныш-билиштиктин күчү менен жулунуп наам алганы эч кимге жакпай калды. Өткөн жылы Каримова Сулайман-Тоо музейине директор болууга да катуу жандалбастады. Бирок коомчулук анын деңгээли, билими жоктугун сынга алып чыккан соң, ал кызматка бара албай калган. Белгилей кетсек, Самара күйөөсү Асан экөө Ошту менчиктеп алгандай эле жүрүшөт. Жубайлар буга чейин Ош шаарындагы «Киргизия» кинотеатрын узак мөөнөткө ижарага алышкан. Аны да Каримова жетектеп келет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: