Menu

Депутат Максат Сабиров: “Жаңы мыйзамды кабыл албай эле колуңарда турган мыйзамды иштеткилечи”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров жаңы мыйзамды кабыл албай эле колуңарда турган мыйзамды жакшылап иштетип алгылачы деди Саламаттыкты сактоо министрлигине.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров “бир баланын төрөтүү үчүн канча каражат алынат. Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды”, – деп министрликтин өкүлүнөн сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, “мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө 5 кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталган”, – деди.

Депутат “мен буларды эмне үчүн сурадым? Бүгүнкү күндө бир баланыны төрөлүшү үчүн 15 миңден сом кем акча төлөнбөйт. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар. Жаңы мыйзамды кабыл албай эле колуңарда турган мыйзамды иштеткилечи”, – деди депутат Максат Сабиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: