Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Экмат Байпакбаев Кыргызстандагы эң төмөнкү айлык акынын көлөмү 1200 сом экенин айтты.
Экмат Байпакбаев Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдон эң төмөнкү айлык акы канча экенин сураганда, Нурдинов 6 миң сомдун тегереги экенин белгиледи.
Депутат анын айтканы менен макул болбой, “бүгүнкү күндө өлкөдө эң төмөнкү айлык акынын көлөмү 1200 сом. Бул акчаны бир күндө эле тапса болот, алар 1 айда ушундай акчаны алышат. Сиз мага 6 миң сом деп айтып жатасыз. Бул маселе алар кийин пенсия алганда өзүнүн кедергисин тийгизет”, – деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ