Бүгүн 31-октябрда эртең менен Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында аскерлер жана депутаттар бара жаткан тик учак кыйроого учурады. Борттогу 20 адамдын баары көз жумганын “Tolo news” басылмасы жазып чыкты.
Жазылган маалымат боюнча эки тик учак бирге учуп, алардын бири кыйраган. Тик учактагылардын арасында Фарах провинциясынын кеңешинин башчысы Фарид Бахтавар, повинциянын кеңешинин мүчөсү Жамила Амини жана аскер корпусунун башчысынын орун басары да болгон.
Фарах провинциясынын өкүлү Насер Мехринин айтымында, кулаган тик учак дагы бир аскердик тик учактын коштоосунда учуп бара жаткан. Аба ырайы туруксуз болгондуктан учкуч башкаруусун жоготкон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ