Menu

Өзбекстанда наабайчыны сабаган милиция кызматкери иштен алынды

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун Ургут районунда наабайчыны сабаган милициянын лейтенанты ички иштер органдарынан кетирилип, анын аракеттери боюнча тергөө иштери башталды.

Ургун райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя бир жума мурда «Гус» айылында болгон.

– Милиция кызматкери түңкү саат экиде наабайчы менен кыз бекинип отурган наабайканага кирип барган. Буга чейин инспекторго анда бузуку иштер болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. РИИБинин лейтенанты жаштыгы жана тажрыйбасыздыгынан улам наабайчыга кол көтөргөн. Бул окуя тууралуу белгилүү болору менен ал жумуштан алынып, ага карата тергөө иштери башталды, – деп билдиришти мекемеден.

Айылдагы активисттердин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына алты мүнөттүк видео жөнөттү. Анда эки милиция кызматкери жергиликтүү тургундардын курчоосунда наабайканага кирип барган учуру тартылган.

Алардын бири 30 жаштагы наабайчыны нан жасаган жерде бузуку иштерди жасоого айыптап, уруп жана тепкилеген.

Күбөлөрдүн айтымдарында, наабайчы менен жанындагы кыз тергөө абагына жеткирилип, эртеси эртең менен бошотулган.

РИИБ жетекчилеринин бири кармалгандардын аракетинде кылмыштын белгилери болбогонун айтты. “Милиция кызматкери кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн жазаланды. Мындан ары мындай окуялардын болушуна жол бербөө максатында учурда жеке курамдын ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: