Menu

Казак аткаминерлери интернетке тыюу салуу токтомундагы терминди түшүндүрө алышкан жок

Бөлүшүү:

Казакстандын күч органдарынын жетекчилери аларга интернетке тыюу салуу укугун берген токтомдо жазылган «социалдык мүнөздөгү өзгөчө абал» деген түшүнүк тууралуу суроого так жооп бере алышкан жок.

«Социалдык же башка мүнөздөгү өзгөчө абал жаралган маалда белгилүү бир райондун дайындалган коменданты интернетке тыюу салуу сунушун киргизе алат. Бирок министрликтин өзүндө мындай ыйгарым укуктар жок», — деди өлкөнүн коргоо министри Нурлан Ермекбаев.

Ички иштер министри Калмуханбет Касымов «социалдык мүнөздөгү өзгөчө абал» деген жаңы түшүнүк тууралуу мыйзамда кеңири жазылганын айтты.

«Биз азыр ал мыйзамды жарыялайбыз, ошол жактан окуп алгыла», — деди министр журналисттерге.

Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине жана Коргоо министрлигине социалдык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Интернетти жана байланыштын башка каражаттарын өчүрүүгө укук берген өкмөттүн токтому казакстандык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан.

Казакстанда интернет колдонуучулар быйыл жыл башынан бери Facebook, YouTube, Instagram жана Telegram түйүндөрүнө кирүү биртоп кыйындаганына даттанып келишет. Июнда жергиликтүү укук коргоочулар бийликти социалдык түйүндөргө бөгөт коюуну токтотууга чакырышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: