Menu

Турсунбек Акун: Атамбаевдин күнөөсү аныкталса-аны жоопко тартууга азыркы бийликтин саясый эрки жетет

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Илмияновдун камалышы Атамбаевди камоого бир кадам калды дегенди түшүндүрөбү?

– Ошого чукулдап баратат. Сапар Исаковдун, Кулматовдун, Илмияновдун камалышынын баары Атамбаевди жоопко тартууга аракет башталганынан кабар берет. Атамбаевдин күнөөлөру аныкталса, аны камоого тоскоолдук жок экенин Текебаев да берген маегинде баса белгилептир. Эгер чындап эле аны камоо зарылчылыгы жаралса, бул маселени Жогорку Кеңеш да карашы керек. Атамбаевдин күнөөсү аныкталса, аны жоопко тартууга азыркы бийликтин саясый эрки да, башкасы да жетет. Эгер азыркы бийликтин ага айбат көрсөтүүгө эрки-күчү жетпесе, Атамбаев ишенген кадрларын камамак эмес. Кандай болсо да, бул маселенин укуктук жагын да, юридикалык жагын да карап, бул ишти кылдат жасашы керек. Анткени, азыркы президент да убакыт өткөндөн кийин экс-президент болуп калат.

– Баса, Илмияновго козголгон кылмыш ишинде президенттин аты айтылып жатканын КСДП жарылады го?

-Мунун баар бет тырмачылык. Анткени, Илмиянов кезинде жергиликтүү ишкерлерге рейдерлик кылып, кытайларды кууп жибергени боюнча басма сөз каражаттарында жазылып, айтылып эле келчү. Эми кылмыш иш козголгондо Илмиянов тартып алган акчаларды “Жээнбеков шайлоого колдонгон” деп жатышат. Чынында шайлоого бирөөнүн акчасын колдонгон туура эмес. Сыягы, анын жактоочулары Илмияновго келген соккуну президентти каралоого бурууга аракет кылып жаткандай сезилет.

– Бирок, антип айтканыңыз менен Илмиянов тергөө менен кызматташып, ал тартып алды делген 150 миң доллардын чоо жайы аныкталып, кайда, эмнеге коротулганы иликтене баштады делген маалымат кетти. Ошол эле мезгилде анын адвокаттары коомчулукка туура эмес маалымат тарап жатканын жар салышты. Кимисине ишенсек болот?

– Илмиянов тергөө менен кызматташып, ага доомат болуп илинип жаткан маселедеги каражат кайда, кантип коротулганын ачык айтса, ал каражат кимдин тапшырмасы менен алынганын жаап-жашырбаса болмок. Бирок, ал Атамбаевди сатып, айыбын чукубайт. Анын мүнөзү ошондой. Аны жакшы билбегендер “Атамбаевге каршы көрсөтмө берет”- деп жатышат…

– Түлеев менен Атамбаевдин селфиси жарыя болгондо экс-президентти “качып кетет”дегенге да үлгүргөндөр болду. Сиз “Атамбаев эми кайрылып келбейт”- дегендердин катарында бопдуңузбу?

– Түлеев менен Атамбаевдин чогуу жылмайып түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланганда мага чалышып, “Атамбаевдин жолун тосуш керек. Болбосо качып кетсе, кайтып келбейт”- дегендер да болду. “Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иш козголбосо, кол тийбестиги алынбаса неге качат эле”- деп анын келээрине ишенгенимди айткам.

– Атамбаев менен Түлеев экөө болушунча бири-бирин каралап бирок, самолётто сүрөткө чогуу түшкөнү айкөлдүкпү же аргасыздыкпы?

– Мен экөөнүн сүрөткө түшүп алганын чынында колдогон жокмун. Анткени, бул жерден экөө тең уят болушту. Бул сүрөт экөөнүн тең принциби жок экенин далилдеди. Коомчулукту алдашканын туура көргөн жокмун. Түлеевге “байлыгыңды тартып алып, мыйзамсыз камакка алдырган адам менен кантип сүрөткө түштүң”-деп айтайын деп таппай жатам. Телефонун албай жатат.

– Сооронбай Жээнбеков президенттик такка отурганына бир жылдын жүзү болуп калыптыр. Ал мамлекет башына келгени өзгөрүү болдубу же Атамбаевдинин мезгилиндегидей эле жашоо уланып жатабы?

– Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир жыл боло элек. 15-октябрда эмес, 24-ноябрда бир жыл болот. Ага чейин аткаруу бийлигинин курамын түзүү менен алек болгон. Менин байкашымча Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенине эки ай болгондо эле ишин жаңыча багытка бурган. Башкача айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү таза баштоодон аракет кылып, иш жүзүндө мурунку президент менен иштеген таасирдүү деген фигураларды кылтакка илип, коррупциялык схемаларды ишке ашырышканы үчүн жоопко тартууга аракет баштады. Мурунку президенттин эрки менен болуп, аны менен бирге иш кылат деп ойлогондорду адаштырды. Бул да чоң жетишкендик. Эми камакка алгандардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенинин аныгына чыгып, кечиктирбей ишти сотко өткөрүшү керек. Сот эртерээк болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынышы зарыл.

– Президент бир жыл ичинде мактоого аларлык кандай иштер менен алек болду?

– Башка президенттерден айырмаланып, балдардын укугун коргогон укук коргоочуларды, дин боюнча адис Кадыр Маликовду жана саясатчы Равшан Жээнбековду, бизнес өкүлдөрүн, мугалимдерди кезек-кезеги менен кабыл алып, ар бири менен өз тармагында сүйлөштү. Маданият кызматкерлеринин айлыктарын жогорулатты. Кыскасы, бардык тармактын өкүлдөрү менен жолугуп, маселени чечүүгө аракет кыла баштады.

– Президент жакшы иштеп жатат дегениңиз менен анын ишине ичи жылыбагандар да четтен чыгат го. Маселен, Адахан Мадумаров кадр маселесинде өзгөрүү жок экенин, Равшан Жээнбеков Атамбаевдин эле кадрлары менен иштеп жатканын айтып, сындап чыкты го?

– Эми ал Мадумаровдун оюдур. Бирок, чындыгында өкмөткө жаш кадрлар тартылганын, акчасына эмес. Билимине, тажрыйбасына маани берилгенин кантип танабыз. Атамбаевдин тушундагы кадрлар дээрлик келген жок го. Керек болсо, Сегизбаевдин, Жолдубаеванын ордуна да белгисиз, саясатта аты аталбаган адамдар келгенин кантип жокко чыгарабыз. Сооронбай Шарипович бул аракеттери менен пиар менен алек болбой, унчукпай тоодой иштерди бүткөрүп жатканын далилдеп жатат го. Ошон үчүн Мадумаровдун айтканына кошулбайм.

Бирок, кадр саясатында да катачылыктар бар. Ал катчылык Бишкек менен Ош шаарынын мэрин шайлоодо атаандаштмкты сактабаганында болду. Ушул жери чыны менен чекилик болуп, кадр саясатындагы сынды көбөйттү. Башкача айтканда, шаар мэрлерин альтернативасы жок шайлашканы демократиядан четтегендей болуп калды.

Мурда чындап эле башка системада иштеген, өзү башкарып жаткан тармакка таптакыр тиешеси жок адамдар жогорку кызматка келчү. Азыр андай эмес.

Атамбаевдин мезгилиндегидей жансакчы, шоопурлар кызматка келген жок. Башкача айтканда, ким кайсыл кызматка дайындалса да адистигине басым коюлуп жатат.

– Бабанов менен азыркы бийлик тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алганы үчүн анын жазасы жеңилдетилип, мамлекетке келтирүүнүн жолу изделип, кылмыш иштери кыскарып жаткан жокпу?

– Бабановго чынында жеке таарынычым жок. Бирок, ал шайлоо мезгилинде кетирген катачылыктары үчүн кылмыш иши козголгон. Бир эмес, үч жолу сөгүш алган. Айрым иштери кыскарганы менен ага ачылган кылмыш иштер биротоло жабыла элек. Ага карабай айрым депутаттар аны алып келүү маселесин көтөрө башташты. Ал жоопкерчиликтен качып эмес, ден соолугунун айынан чет мамлекетке чыгууга аргасыз болгон деп элди ишендирүүгө аракет кыла башташты. Менин Бабановго жеке кастыгым жок. Бирок, кимде-ким туура эмес иш кылса, кылмыш иши козголсо татыктуу жазасын алыш керек экенин эстен чыгарбасак болот эле. Кыргызстанда оор кылмыш кылган адамдардын баары жазасыз калган үчүн ушундай башаламандыктар орун алып, ар ким билгенин кылып жатат. Ошон үчүн жогору жактагылар бул маселеде катуу туруп, Бабановдун ишин сотко ашырышы керек. Болбосо, анын менен тымызын сүйлөшүп алып, маселени өз ара чечип алыптыр деген сөздөр азыркы бийликке көлөкө түшүрөт.

Ошондой эле тез аранын ичинде Башкы прокуратура баштагы чечимин жокко чыгарып, саясый куугунтуктун негизинде камакка алынгандардын ишин кайра башынан карашы керек. Алардын ишин карабаса, жаңы бийликке сөз тийип калышы ыктымал.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: