Menu

АШАдан башкалар алыстай албай жатса, Мадумаров аны жандай баштады…

Бөлүшүү:

Преэиденттик шайлоонун алдында үгүт иштери жүргүзүлүп жатканда Сооронбай Жээнбековдун штабындагылар Кочкор-Атадагы стадионго элди чогултушуп, жолугушууну баштаганы турушса, аты болгон менен заты жок “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун сахнага чыгып келип, алып баруучунун колунан микрофонду жулуп алып, өз икаясын айтып киргендигине теле аркылуу бардыгыбыз күбө болгонбуз.

Өзүн сыйлаган адам чакырылбаган жерге барбайт, ал илгертен келаткан салт, “чакырылбаган конок, шыпырылбаган талпакка отурат” деп бекеринен айтылган эмес. Анан бирөөнүн даяр оокатына ачык эле тап коюу акыл-эстүү адамдарга мүнөздүү нерсе эмес, мурунтугун үзүп качып кеткен торпокторго же куйругун шыйпаңдаткан макулуктарга таандык сапаттардан болуп саналат.

Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, жергиликтүү активисттерди, ылым санагандарды, штабдагыларды эки-үч күн мобилизациялап жүрүп, маданият үйүнө же стадионго элди чогултуп, концерттик программаны да тартууладыңыз дейли. Анан микрофонду колуңузга алып, эл менен сүйлөшкөнү жатсаңыз, бир атаандашыңыз кой-ай дегенге карабай, сахнага чыгып келип, микрофонду колуңуздан жулуп алып, сизди жамандап кирсе, реакцияңыз кандай болмок… Ооба, Жээнбековдун тарапкерлери да А.Мадумаровдун колунан микрофонду кайра жулуп алып, өзүн сүйрөп, сахнанын четине алып барып, анан жакшыраак секирсин үчүн бел курчоосунан ылдый жактагы жумшак жерине күүлөндүрмөйдү урушканда ал эки метрдей ободо калкып барып, жолуна түшкөн. Ошондон бери ал үчүн Сооронбай Жээнбеков жанына тынчтык бербеген, а десе деле оозуна ошо келген жадатма идеяга, күнү-түнү көз алдынан кетпеген дүжүр бокочого айланган… Же анын аркасына мындан үч жыл мурда тийген күүлөндүргүч аны саясатта да күүлөндүрүп келатат.

Өлкөнү талап-тоногон адамды жолборско салыштыргандын мээси ордунда эмес…

“Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” дешет. Бирок, аздыр-көптүр элге таанылып калган саясатчы көзгө сайып тургандай, элдин колдоосуна, чоң резонанска ээ болуп жаткан фактыларды деле танып, жер сабап жалгандарды айта бергендиги анын бедел-аброюна гана шек келтирет, мурда ага симпатия менен мамиле жасагандар деле: “буга эмне болуп баратат?”,- дегендей шектенүү менен карай башташат. “Коррупция боюнча камалган эч ким жок, ал эми саясый өңүттө камалгандар толтура”- дептир А.Мадумаров бир гезитке берген маегинде. Кудай ургур, ушинтип да кызылдай калп айтабы! Же өзүнөн башкалардын баарын макоо же келесоо деп ойлойбу? Бишкек ЖЭБинин айланасындагы жаңжалдар боюнча “Электр станциялары” ААКсынын камалган жетекчи, адистеринин кимиси саясатчы эле? Камалгыча, алардын Авазовдон башкасын эч ким деле билчү эмес. Же ал 2,5 миң сомдук кычкачтардын 640 доллардан, 30-50 миң долларлык лифттердин 350 миң доллардан, 1,2 миң долларлык өрт өчүргүч баллондордун 3 миң доллардан, 40-50 миң сомдук видео байкагычтарды 14-15 миң доллардан сатып алынгандыгын, андай толгон токой дагы башка көптөгөн ашырып, кошуп жазуулардан улам Кыргызстандын мойнуна 500 млн. долларлык карыз илингендигин нормалдуу көрүнүш катары эсептейби?

Мында да ЖЭБдин баары эмес, 30 пайызы гана модернизацияланып жатпайбы! Муну нормалдуу көрүнүш катарында эсептеген – Кыргызстандын жараны эмес, ал жөн эле бир саткын. Анын башы – баш эмес, Жазы дайрасынын жээгиндеги торпокко да бербей турган көк ашкабак.

Мадумаров “Форумдун” ишааратын аткарып, АШАнын камчысын чаба баштадыбы?

Мына ушундай демарштардан улам анын тиричиликтин айынанбы же башка себептерденби, айтор, “Форумдагыларга” кошулуп, Фарид Ниязовдун буйрутмасын аткара баштагандыгы ачык эле байкалып атат. А.Мадумаровдун Жээнбековду каралап, Атамбаевди жактаган тариздеги маектери, анда айткандары алгач АШАнын менчигиндеги “Апрель” телеканалынан берилип, андан соң “Форумдан” каржыланган гезиттерге жарыяланып жатканын мындан башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Сыягы, “Форумдагылар” жөн жатышпаган окшобойбу. Буга дейре Равшан Жээнбековду, Кылычбек Султановду ийге келтиришсе, эми Адахан мырзанын “тилин” табышкан окшойт. Кызык, кезекте ким болду экен?

Адахан Кимсанбаевич Бакиевдин убагында алгач спикер, анан мамлекеттик катчы болуп иштеп, экинчи үй-бүлөлүк башкаруунун макал-лакаптардан турган идеологиясын да жараткандыгын, жандай досу Даниил Урицкий экөөсү КСБга Максимдей эркелешип жүргөндүгүн, батькасы Даниил экөөсүн тентек балдардай кез-кезде кулактарына черткилеп, “ой, силер качан токтолосуңар?”- деп эркелетип жүргөндүгүн, анан 7-кабатта ычкырбай деген маселе чыга калып, убактылуу бардык кызматтардан кетүүгө аргасыз болгондугун тез эле унутуп калганбы? Жаныштын алдына жата калып, туфлисин өпчүдөй жагалданган Бакиевдердин үй-бүлөлүк тамадасы ким эле?

Бакиевдердин колдоосун, жакшылыгын Адахан Кимсанбаевич деген инсандан артык эч ким көргөн эмес. Аны 2011-жылдагы президенттик шайлоодо ким каржылагандыгы кыргыз элине жашыруун эмес. Эми сырт жактардан эч нерсе келбей калганда Бакиев да жаман болуп калдыбы?

“Жарадар болгон жолборстун үстүнө чөөлөр чыгып алып ойносо жараша берет экен” дейт ал маегинде. Мында ким жолборско, ал эми кимдер чөөлөргө салышырылып жаткандыгы кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турат. Бирок, олчойгон гонорарды карматышып, “Форумдагылар “ушинтип айт” дешсе, эмне кылсын, бечара? Кылымда биринчи жолу кездешип жаткан коррупционерлердин анабашчысын жолборско салыштыруу – бул деградациянын эң төмөнкү чегине жеткен наадандык, элди мазактагандык. Эгерде чындап эле ошондой деп эсептесе, элге көрүнгөндөн коркуп дачасында бекинип жаткан “жолборсун” ээрчитип келип, бир маалымат жыйынын уюштурбайбы же маанилүү бир иш чарага катышпайбы? Ошондо ким жолборс, ким чөө экендигине ишенмек.

Адатта таптакыр саясый келечеги калбай калганды, элге жек көрүндүгө айланганды аргасы кеткендер же өтө чоң карыз болуп калгандар гана жандашат. Адахан Кимсанбаевич “Форумдагыларга” кай жагынан көз каранды болуп калды экен, ыя? Экс-президент Атамбаевден башкалар алыстап, качып, атүгүл аны партиядан четтетүү аракеттерин көрүп жаткан чакта Мадумаровдун АШАны айланчыктап, анын камчысын чаап, жолборско салыштырып жаткандыгынын себеби эмнеде?

Арстан Кедейканов

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: