Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда “Дордой” Топ-лигадагы командалардын арасындагы кезектеги беттешти жеңип алды.
Бүгүн улуттук биринчиликтин 27-турниринин 3- беттеши болуп өттү.
“Алай” 1-0 эсбинде “Кара-Балтаны” жеңип алды, бул оюнда Келвин Инкум өзгөчөлөндү.
“Илбирс” “Академияны” 2-1 эсебинде утту. Жыйынтыктоочу соккуларды жеңүүчүлөрдөн Эрмек Нусубалиев менен Эрзат Токтоалиев киргизсе, утулгандардан голду Бектур Амангелдиев алып келди.
“Дордой” “Алганы” 7-0 эсебинде жеңди. Бекжан Сагынбаев менен Эрнист Батырканов 2 жолудан топ киргизсе, Мустафа Юсуров, Кайрат Жыргалбек уулу жана Муролим Ахмедов бирден гол киргизе алышты.
“Нефтчи” менен “Абдыш-Атанын” мелдеши аба ырайына байланыштуу жылдырылды.
Турнирдик тизмеде биринчи орунда 62 упай менен “Дордой” келе жатат, анын артынан “Алга”(57 упай) жана “Абдыш-Ата” (52 упай) топтой алышкан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ