Menu

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар үчүн 142 кресло алып келинди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар үчүн 142 кресло алып келинди. Мындай жардам “Катардык кайрымдуулук уюмунан” көрсөтүлдү. Бул тууралуу аты аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле министр Улукбек Кочкоров аты аталган уюмга ыраазычылыгын билдирип, “алып келинген отургучтар Ош, Жалал-Абад обслустарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга таратылып берилет. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында министрлик 100 кресло алып, Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жашаган майыптарыбызга тараткан”, – деди У. Кочкоров.

Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти уюм мындан ары дагы ар кандай жардам көрсөтөрүн, ошондой эле жакынкы арада социалдык имараттардын курулушу пландалып жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: