28-октябрда Бразилиянын «Сан-Жозе-дус-Пиньяйс» шаарчасында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 24 жаштагы футболчу Даниэль Фрейтастын денеси табылган. Бул тууралуу “lenta.ru” жазып чыкты.
Полициянын берген маалыматына караганда футболчуну токойго 30 метрдей алып кирип кыйнашкан. Анын денесинин көпчүлүк жерин кескилешип, жыныстык мүчөсүн кесип салышкан. Полиция тергөө иштеринде алгачкы маалыматтар бар экенин айтып, бирок деталдарга токтолгон эмес.
Эскерте кетсек, Даниэль Фрейтастын контрагы «Сан-Паулу» клубуна тиешелүү болгон. Бирок жайда аны ижарга «Сан-Бенту» командасына беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ