Кытайдагы Сычуань провинциясынын бийлик өкүлдөрү пандаларга байланыштуу бардык коммерциялык иштерге тыюу салды. Бул тууралуу “China Daily” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мындай чечимди бийлик өкүлдөрү 28-октябрда кабыл алган. Ошондой эле бул кадам менен алар жаныбарларды адамдан жугуучу ар кандай оорулардан сактоону көздөөдө. Пандаларды коргоо уюмдары көптөн бери бул демилгени көтөрүп, жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарларга адамдардан ар кандай оорулар жугарын айтып келишкен.
Мындан ары пандалар кармалуучу ар кандай коруктарда, зоопарктарда алар менен сүрөткө түшүүгө жана кол менен тамак берүүгө тыюу салынды. Ал эми сүрөткө түшкөндөргө 1 миң юань (140$) айып пул салынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ