Кейтлин Нельсон аттуу 20 жаштагы студент окуу жайда өткөрүлүп жаткан куймактарды жеп түгөтүү сынагында көз жумду. Бул тууралуу Fox News телеканалы маалымдады.
Маалыматка караганда, Католикалык Университетинде уюштурулган куймактарды жеп түгөтүү сынагында катышып жатып, кыз бир нече куймакты жегенден соң эсин жоготуп кулап калган. Дарыгерлер аны сактап кала алган эмес, кийин анын дем алуу жолдорунда “бетондой катуу” куймактын бүртүкчөлөрү табылганын айтышкан.
Полициянын лейтенанты ” Бул күлкү сымал башталган трагедия”-деп айткан.
Маркумдун туугандары университетти сотко беришти. Муну менен алар мындай сынактар бир көргөндө күлкүлүү болгону менен өтө кооптуу экенин айткысы келген.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ