Menu

Ноокат районунда жол кырсыгынан 20 жаштагы жигит каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн 31-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун тургуну 20 жаштагы М. у А. «ВАЗ 2107» унаасы менен Оштон Ноокатка бара жатып рулду башкар албай, бетон тосмону сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү жаракат алып Ош шаардык ооруканасына жеткирилип биринчи жардам көрсөтүлгөн. Ал эми айдоочу ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда Ноокат РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: