Menu

Мектептерде чейрек аяктап калды, бирок кээ бир окуу китептери али келе элек

Бөлүшүү:

“Билим берүү министрлиги мектептерге биринчи  чейректин аягына чейин 5-6-класстардын окуу куралдары берилеерин убадалаган, бирок ал китептер али келе элек”-деп билдиришкен окурмандар.

Министрлик 5-6-класстар үчүн басылып жаткан китептер чет өлкөдө чыгарылып жатканын, жана Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча алар ноябрь айынын ичинде келеерин маалымдаган.

“Долбоор басып чыгаруучуларга басылып жаткан китептер жөнүндөгү жоопкерчилик тууралуу эскертүү берди”-деп баса белгилешти мекемеде.

Эске салсак, кыргыз басылмалары жана автордук коллективдер тарабынан иштелип чыккан окуу куралдарды тираждоо боюнча сынак Дүйнөлүк Банктын талабы менен эл аралык болуп, башка өлкөлөрдүн катышуусу чектелген эмес. Жеңүүчүлөр китептерди басып чыгарып гана бербестен, жеткирип берүүсү дагы керек.

Окуу-гусулдук комплекстеринин жалпы тиражынын 30% (921миң 130 экземплярын) жергиликтүү компаниялар басып чыгарышкан. Журналисттер “Табият тануу” жана “География” китептеринин ичинен жүздөгөн каталарды таап чыгышкан. Министрлик аталган китептердеги каталар оңдолгондон кийин басылмалар аларды кайра басып чыгараарын белгилеген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: