Menu

“Алга Кыргызстан” менен “Ак Жол” партиясынан КСДПнын айрымасы эмнеде?

Бөлүшүү:

Илгери Аскар Акаевдин мезгилинде Осмонакун, Тойчубек, Болот баш болгон лөктөр, башка куйтулар жагалдануунун эң бийик жерин таап алгансып бир “саамалыкты” жерден чукуп казып чыгарышкан. Ошол “чүрпөсү” жаркылдап чыгып, «Алга Кыргызстан» аттуу партияга айланган. Анын өйдө жагында ажонун кызы Бермет, уулу Айдар турушканын демилгечилер унута элек чыгар? Көрсө партиялык күчтүн негизинде “Бекем пирамида” куруп алып өмүр боюу элди бийлеп алуу пландарын ишке ашыруу көздөлгөн экен. Керек болсо ушул партиядан чыккан Сайдылда Нышанов кадимки Курманбек Бакиевди Тогуз-Торонун жарынан ары кулатып, мандат алган. Шарипа Садыбакасова дагы акчанын кудурети аркылуу атаандаштарын жеңип, айласын куруткан. Тайырбек Сарпашов болсо Токон Мадияровду экинчи айлампада оңколотконун жакындан билебиз. Курманбек Осмонов ошол кезде Жогорку Соттун чылбырын кармап, эч кимди өзүнө теңебей турган. Тилекке каршы тарыхта биринчи жолу Кыргызстанда төңкөрүш болуп тунгуч ажонун “сепилин” жалпы журтчулук кулатып, бийликтин башчысын мамлекеттен сырткары кубалап жиберген. Андан бери он беш жылдын жазын узатып, суук күндөрүн көздөй сапар арытып баратабыз.

Атаганат, азыр деле убагында айрым ажонун чачпагын көтөргөндөрдүн демин ысыткан Курманбек Бакиевдин деле түбүнө “Ак Жол” партиясы жетти десек ким кой дейт? Аппарат жетекчиси маркум Медет Садыркуловдун жөндөмү аркылуу, Максимдин, Жаныштын кийлигишүүсү менен түптөлгөн партиянын курамы шайлоодо зор утушка ээ болгон. Кочкордун куйругунан аш демдетип жеп калгандар эзелки жыргалына кайрылгысы келгенин деле тамшанып айтып жашырышпайт. Учурда үзүлүп бараткан чырагынын билигине май тамчылап калганынан улам ошолорго жан кире баштады. Негедир мурдагы ажонун каарынан үркүп тургандардын ийрейген омурткасына “сүф” этилген көмүскө күч таасир эткени байкалып баратканы коомчулукту сестендирип жатканы дагын ырас. Ал тургай “мерт” кеткен партиянын мурдагы “жасоолдору” башка түспөлдөш уюмдарга биригип кайрадан “реванш” алууну көздөгөнү бекер жерден эместир? Баштагы “обоймада” тизилгендердин азыр санаасы онго чачырап, эмнеси болсо да бийликтин чүйгүн жерин ээлеп алууга кызыкчылыктары күч.

Аттиң, эми ушуларга “жашыл жарык” чачыратып жиберүүгө ким тараптан аракет болгонун акылга салып көрөлүчү? И‑ии дал ошондой болуп жатат, чиркин! Экинчи президенттин ат кошчулары деле анчалык мурдагылардан ашып түшпөгөнү коркунучтуу окуядан кийин ачык билинди. Кыска аралыкта чүргөй салган “Ак Жол” партиясынын түзүмүндө кимдер болгонун жазып убара болбой койгонубуз оң. Бирок, ошол партиянын өзөгүндө турган Улукбек Ормонов учурда башка партиянын көмөгү менен депутат болуп парламентте отурат. Көрсө партия дегендин өмүрү кудум адамдыкына түспөлдөш экен. Эгер башчысы жоголсо, партиясы кошо жыдып каларын турмуш тастыктап бербедиби. Карт бөрү Үсөн Сыдыковдун “Жаңы Кыргызстаны”, Феликс Куловдун “Ар Намысы”, Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” жана башка заты жок партиялардын мындан аркы жашоосу бүдөмүк бойдон калаары белгилүү болуп калды.

Эми теманын дал өзүнө келдик окшойт. Эмесе, кепти чаргытпай өзөгүнөн баштайлы. Маселен, республикадагы эң даңазалуу, өз тарыхы бар КСДПнын тегерегинде эмне деген кыймыл жүрүп жатканына токтололу. Бийлигин мөөнөтүндө чыкыйтып өткөрүп берген экс-президенттин бойго жетип, канатын чар тарапка керип калган партиясына эмне үчүн ысык боткодой жабышып калышты, оңбогурлар? Болгону бир эле көздөгөн максаттары бар-же биротоло ыдыратып салууга, болбосо күчкө салып тартып алууга барышаары алаканга салгандай байкалып турат. Албетте, күч тең эмес, азыркы бийликтин кудурети кыйла салмактуу. Антсе да баралына келип көзгө көрүнүп калган партиясын Алмазбек Шаршенович тарттырып жибергидей саясатка жаңыдан келген жаш жигит эмес. Же мурункуларга окшоп качып кетпеген соң өзүнүн алдындагы табакка куюлган ашын бөтөн бирөөгө кантип ыраа көрмөк эле?

Айтор, өлкөдө мурдагы абалга салыштырмалуу бир топ машакаттуу жагдай түзүлдү. Кээ бир чийки “анделектер” минтип эле кара күчкө салып тартып алсак болот деген кыска ойлору менен “чабуулун” баштап жиберишти. Мурдагы ажого уйгактай жабышып оокатын кылган Иса Өмүркуловдун жосунсуз жоругуна жерге түкүргөндөр толуп-ташып кетти. Спикер болчумун, эл башкарышым керек деп обдулган кишинин кызыл кулактыгынан эми соодасы жүрбөйт деп так кесе айтууга болот. Баарынан да сырттан келип акылын айткан Кожобек Рыспаевдин иче-кардын аңтарсаң ар балээни көрөрүң бышык. Керт башынын кызыкчылыгын элдикинен өйдө койгон эл өкүлдөрүнүн тамырын кыркып салаар деле мезгил жакын калды шекилди. Таптакыр эле башка партиянын эшигин сагаалап жүргөн эргулдардын мындай жоругуна коомчулук саресеп салган кези. Эгерде ушул топтун тилеги ишке ашып кетсе анда партиялык турмуштун биротоло ашмалтайы чыкпас бекен деген кооптонуулар жаралды дегенге негиз бар.

Өлкө башчы парламенттик башкарууну колдой турганын билдирген. Демек, партиялык турмушка заманбап өзгөртүүлөрдү киргизүү керектиги бышып жетилди. Санда жок партиялардын алда качан ишпалдасы чыккан. Алар кагазда гана жашай турганы маалым. Сок билегин камдап, жаргылчакка салып жанча турган кызылын алдын-ала даярдаганды көздөгөн билермандар мурдагыдай эле жогору жакты кылчактап карап турушканы жаңылануунун желаргысы жоктугунан кабар берип жатат десек ашыкча болбостур? Бирөөнүн партиясына сук артпай, тизмени татыктуулар менен толуктап, мекендин кызыкчылыгын баарынан өйдө койуп, таза жол менен күрөшкөн партиялардын келечекте ооматы артаарын кысынбай эле журтчулукка билдире кетели. Ал эми КСДП нын учурдагы акыбалы кандай чечилерин, тагдыры кандай болорун мезгил айгинелейт. Ал убак деле алыс эмес.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: