Menu

Бир баланын төрөлүшүнө 15 миңдей акча кетет

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге «бүгүнкү күндө бир баланын төрөлүшү үчүн 15 минден кем эмес акча төлөнөт экен. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат алынат? Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды?» деп суроо узатты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары «мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө беш кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон үч окуучу аныкталган» деди.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: