Menu

Азамат Жаманкулов, сиз артист эмес, министрсиз!

Бөлүшүү:

Жакынкы күндөрү эле удаасы менен жаш кадрлар келип, министрлик кызмат орундарын ээлешти. Дагы деле баягылар эмес, бийликке жаш кадрлардын келгени, алардын жаштыгы элди кубандырды. Курч пикирлери, сындары менен социалдык баракчасында бийлик өкүлдөрүнө тынымсыз кайрылууларды жолдоп жүргөн «Чоң казат» партиясынын төрагасы Максат Мамытканов маданият, маалымат жана туризм министри АзаматЖаманкуловго кичинекей кеңеш айтты.

«Сени куттуктап тапшырылган гүлдөрдү көрүп, кичинекей кеңеш айтууну туура көрдүм. Сенин кадыр-баркыңа азыраак доо кетирсем кечирим сурайм. Бирок курагым, тажрыйбам улуу катары айтууну туура көрдүм. Өкмөт мүчөлөрү креативдүү жаш кадрлар менен толукталганына кубанычтамын. Элибизде «намысты жашыңдан сакта» деген жакшы кеп бар. Президенттин сүрөтүнүн фонунда ушул жооптуу кызматта туруп, сизди куттуктоого келген себеттеги гүлдөр менен сүрөткө түшүп, анан социалдык түйүндөргө жүктөлбөсө, кубанычта болмокмун. Сиз артист эмес, министрсиз! Сиз жогорку деңгээлдеги адеп-ахлакты, моралдык бийик принциптерди көрсөтүшүңүз керек. Менин кеңешим: кабинетиңизге түрдүү белекгер киргизилишине жол бербеңиз. Ал белектер имиджиңизди бузууга гана алып келет» деп белпшеди.

«Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» дегендей, кызматка келгенде курчоого алгандарды кызматтан шыпырылганда айланаңдан таппай каласың. Бул баардык кызматка келген жаш кадрлардын «кулагына күмүш сырга» болуп, өз абийирлери, намыстары менен эл үчүн иштеп берсе… Баса, Азамат Жаманкулов Оштогу музыкалык окуу жайга Самара Каримованы директор кылып дайындады. Коомчулукгун эсинде, Самаранын күйөөсү Асан Мансуров Оштогу саунасынан сойкулары менен кармалып, анысын апасына шылтаганын билесиңерби? Мына, жаш минисгрдин алгачкы дайындоолору «маданиятка айкашып» калдыбы ошондо?..

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: