Menu

Токко урунуп эки колунан ажыраган аскердин иши сотко өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Токко урунуп эки колунан ажыраган катардагы аскер Руслан Сапарбаевдин кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Аскердик Прокуратурадан маалымдашты.

Тергөө  тыл бөлүгүнүн командиринин орун басары жана батирлик-эксплуатациялык кызматынын жетекчисине карата айып такты. Иш Майлуу-Суу райондук сотунда каралат.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Майлуу-Суунун 30295 аскердик бөлүгүндө Руслан Сапарбаев токко урунуп, натыйжасында анын эки колу тең ампутацияланган. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генералдык штабы ишти кырсык деп атаган. Руслан Сапарбаев нөөмөт өтөө учурунда тыюуу салуучу белгиге карабай подстанцияга кирип кеткен. Бирок Аскердик Прокуратура жайгаштыруучу пункка кирүүчү жер ачык болгонун, жана жогорку чыңалышкан ток жөнүндө эч кандай эскертүүчү белгилер ок болгонун аныктаган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: