2019-жылдан тарта автобустарда жана троллейбустарда жол кирени карт менен төлөө долбоору иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалымат боюнча система алгач автобус менен троллейбустарда орнотулат. Ал эми маршруттук унаалар азырынча мындай каттамга даяр эмес. Бул карттардын иштөө талабы жүргүнчү канча жерге барууну пландаса ошончо карт сатып алуусу керек. Ал атайын офистерде же киосктордо сатылат. Бул долбоордун максаты жол кырсыктарын алдын алуу болуп эсептелет. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордон каражат алуу пландалууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ