Кытайда эки кыргыз жараны өлүм жазасына тартылган. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыныңда депутат Руслан Казакбаев «Кытайда биздин эки жаран өлүм жазасына тартылган. Бул нерсени эмне үчүн айтып жатам? Кытай тарап менен сүйлөшүп, биздин жарандарды өткөрүп алуу боюнча иштер жүрүүдөбү?» деди.
Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бүгүнкү күндө Кытайда 17 кыргыз жараны абакта отурганын билдирди. Башка тийиштүү органдар бул маселе боюнча негизги маалыматтар бар экенин, бирок аны такташ үчүн жооп бербей турганын билдиришти.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ