Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Кыргыз улуттук агрардык университетине Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуштады.
“Быйыл улуу жазуучубуздун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленип жатат. Жазуучубуз өзү Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун окуп бүтүрүптүр. Ошол себептен мен жазуучубуздун ысымын аталган окуу жайга берүүнү сунуш кылам. Өкмөт ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар”, – деди эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ