Кечээ, 31-октябрда Ташкенттин Чиланзар районунда 6дан 22 жашка чейинки төрт бала шишкебекке ууланып каза болду. Бул тууралуу “UPL” сайты жазып чыкты.
Жазылган маалымат боюнча 30-октябрь күнү Чиланзар районунун тургуну Акбарова Умида балдары менен “Милий таом” атуу кафеден шишкебек жешкен. Эртең менен үч кызы жана уулу ойгонгон эмес. Ал эми аял ооруканага жаткырылган.
Кийинчерээк өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги трагедияга шишкебек эмес, үйдү жылытуу үчүн колдонулган истүү газ себеп болгонун айткан.
Бирок экспертиза жана тергөө иштеринин жыйынтыгында балдар шишкебекке ууланганы белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ