Menu

Анара Жолдошова, актриса: Кыз Сайкалдын образын жараткым келет

Бөлүшүү:

– Анара, маегибизди салттуу суроодон баштагым келип турат: эмне үчүн актрисалык кесипти тандап алгансыз?

– Актрисалык бала чагыман эле менин кыялым болчу. Ошол кыялымды орундатканга аракет кылып, атайын Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырдым. Бирок, ал окуу жайды толук бүтүрө элекмин. Азыр М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеп жатам. Иштегениме 8 жыл болду.

– Алгачкы ролуңуз кайсы болду?

– Бишкектен режиссер Акылбек Абдыкалыков агайыбыз келип, Зуура Сооронбаеванын «Баян» аттуу чыгармасын сахнага койгон. Ошол спектаклде келиндин, Мээримдин образын жараткам. Ал терс каарман болчу.

– Өзүңүзгө кандай ролдор жагат?

– Актёр роль тандабайт. Режиссер кандай роль берсе, ошол образды ачканга, жаратканга аракет кылабыз.

– Султан Раевдин «Маң» спектаклинда Найман эненин образын канчалык деңгээлде ача алдыңыз?

– «Мынчалык ачтым, тигинчелик ачтым» деп айта албайм. Бирок, колуман келгенче ачканга, көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткиргенге аракет кылдым.

– Кыялыңызда «аткарсам» деп эңсеген ролуңуз барбы?

– Бар, албетте. Жаңыл Мырзанын, Кыз Сайкалдын ролун аткаргым келип жүрөт.

– Экөө тең кыргыздын баатыр кыздары эмеспи. Бул образдар сизди эмнеси менен кызыктырат?

– Себеби, мүнөзүм ошолордукуна окшош болсо керек.

– Идеал туткан актрисаңыз ким?

– Таттыбүбү Турсунбаева.

Керим Мурас, Нарын шаары

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: