Бишкекте чоңдор арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу дзюдо федерациясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, мелдеш 1-2-декабрь күндөрү Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде өтөт. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, алар 14 медалдар топтому үчүн күч сынашат.
Мелдешке республиканын бардык аймагынан жашы 16 жаштан жогору, спорт чеберлигине талапкер болгон спортчулар катыша алат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ